Ат-Башыдагы логистикалык борбордо европалык компаниялар да иштейт

22 января 2020 15:00 3612 Barometr
Поделиться в:
ok

Ат-Башы районуна салына турчу кыргыз-кытай биргелешкен логистикалык борборунда заманбап, сапаттуу товарларды чыгарган компаниялар иштейт. Бул тууралуу борборду сала турчу компаниянын учредителдеринин бири Эмил Абдыкадыров маалымат жыйынды билдирди.

Ал логистикалык борбордун курулушу кар кеткенде апрель айында баштала турганын жана күзгө чейин 8 кабаттуу мейманкана жана административдик имараттар курулуп, ачылышы болоруна сөз берди.

Абдыкадыров ошондой эле, эл арасында "бул жерде жалаң гана Кытайдын компаниялары иш алып барат экен" деген имиштер туура эмес экенине токтолду.

Анын айтымында, учурда логистикалык борбордо иштегенге Түркиянын текстиль компаниялары жана Россия менен Беларустун дагы кмопаниялары кызыгып жатканын белгиледи.

Абдыкадыров өз сөзүндө заманбап, сапаттуу товар чыгарбаса дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү кыйын экенин айтты. Уюлдук телефондордун экранын жана электромобил жасаган ири компаниялар менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Андан сырктары европалык, кореялык жана япониялык компанияларды тартуу боюнча да иштер улантылып жатканын билдирди.

Аны менен катар жергиликтүү ишкерлер дагы келип иштейм десе, алар үчүн эшик ачык экенин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/-bashydagy-logistikalyk-borbordo-evropalyk-kompaniyalar-da-ishtejt



Добавить комментарий