Ат-Башыга салынчу логистикалык борбордо 95 пайызга чейин жергиликтүү кишилер иштейт
Ишкер Эмил Абдыкадыров "Ат-Башы районуна салынчу логистикалык борбордо жалаң гана Кытай жарандары иштейт экен" деп социалдык тармакта тарап жаткан маалыматтар чындыкка коошпой турганын айтты.
Ал мыйзам боюнча 80 пайыз Кыргызстандын жана 20 пайызы Кытай тараптан болушу керектигин айтып, бирок инвестор Кытайдан келе турчу жумушчулардын саны 5 пайыздан ашырбоого макул болуп жатканын кошумчалады. Демек, ал жердеги жумушчулардын 95 пайызы Кыргызстандын жарандары болот дегенди түшүндүрөт.
"Мен инвестор менен сүйлөштүм, ал беш пайыздан ашырбайбыз деп жатат. Негизинен Кытайдан жогорку технология менен иштей турчу жумушчулар гана келет", — деди Абдыкадыров.
Ал ошондой эле Ат-Башыга салынчу логистикалык борбор сыяктуу жайларды Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия дагы салганын белгиледи.
Логистикалык борбордун техникалык экономикалык негиздемеси боюнча бул жерде 10-15 миңге чейин киши иштейт. Бул өз кезегинде мигранттардын санын азайтууга салымын кошо турганын кошумчалады.
Добавить комментарий ×