Адамда жаман энергия топтолуп кеткенде эмне болот?

11 апреля 2019 11:56 10682 Barometr
Поделиться в:
ok

Азыркы заманбап дүйнөдө айланадагы негативдүү энергиядан адам четте калбайт, айрыкча жашоодогу чыңалган абалды эске алганда. Көпчүлүк адамдар стресстен жана күнү бою топтолгон тескери энергиядан кандай кутулууну билбейт. Дегеле тескери энергия деген эмне жана андан кантип кутулса болот? Бул тууралуу barometr.kg  жооп изилдеп көрдү.

Тескери энергия бул-адам чечүүнүн жолун таппаган маселелерден, күнүмдүк стресстен жана шашып жүрүүдөн, ар ким менен жаман-жакшы айтышуудан, же башка бирөө тууралуу жаман ойлоодон келип чыккан ой топтомдорунан, жагдайлардан пайда болгон адамдагы психологиялык өзгөчө абал. Адамда тескери энергия көп топтолуп алганда анын иши жүрүшпөй каларын психологдор да, энергетика менен иштеген адистер дагы баса белгилеп келишет.

Жан дүйнөнү тескери маанайдан арылтуунун жолдору кандай болот?

Адистер эң эле пайдалуусу бул Кудайдан дуба кылып, сүкүт салуу жана намаз окуу экенин белгилешкен. Анткени дуба кылып сыйынып жатканда адамдын мээсинин магниттик талаасынын жыштыгы башкача болуп өзгөрүп, тынчтануу, канааттануу пайда болот. Мындай жол менен топтолуп калган терс энергиядан арылуу оңой. Бирок андай кылууга шартыныз болбой же динден алыс адам болсоңуз эң эле натыйжалуусу-шар аккан суунун боюна барып тазалануу. Бул үчүн жээкте туруп агымдан көз албай карап туруу кажет. Бул мезгилде жакшы нерсени гана ойлонуп, жаман нерсенин баарын суу менен агызып жаткандай элестетүү зарыл.Дегеле жаратылыштын койну адамды тазалай турган күчко ээ. Ошондуктан кооз жерлерге, жаратылышка чыгып келген адам өзүнө канат бүткөйдөй эргүу алып эс алып калат.

Ошондой эле тескери энергетиканы кадимки суу менен  жоготсо болот. Бул үчүн крандан аккан сууну карап өзүңүздүн туура эмес ойлор менен жаман оор нерселерин элестетип бир нече мүнөт сүкүт (медитация) кыласыз.

Адам канчалык жаман ойлогон сайын ошончолук ага белчесинен бата бере турганын психологдор эскертишет.Бул үчүн эң жакшысы аны талкуулап алдыга алып чыгуу кажет. Жакын адамдарына бул тууралуу айтып берип жеңилденип калган да жакшы. Жакын адамдар бизге ошонусу менен кымбат болуп саналат. Адамдар жана туугандарынан алыс турган европалыктарда жүрөк оорулары көп катталарын дарыгерлер изилдөө жүргүзүшкөн. Анын себеби жалгыздык адамдын тескери маанайын убагында жакындары менен бөлүшүп, моралдык колдоо алышына жол бербейт. Жакындарынын, жакшы санаалаш досторунун ортосунда, дасторкон четинде чай ичүү, маектешүу адамды көбүрөөк  бактылуу кылып, тескери энергиядан алыстатат экен.

Ссылка: https://barometr.kg/adamda-zhaman-energiya-toptolup-ketkende-emne-bolot



Добавить комментарий