Баласын сабаган эргулдун аялы көзүнө жаш алып элден кечирим сурады - видео

18 апреля 2020 10:01 6778 12 Barometr
Поделиться в:
ok


Баласын айтканымды жасабайсың деп баласын сабаган эркек киши Москвада аялы менен чогуу көчө шыпыргыч болуп иштей турганы аныкталды.Бул тууралуу КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Кыргызстандын атынан директордун орун басары Аскат Алиев билдирди.

"Эртеден бери Кыргызстандыктар баары атасы баласын сабаган видеону талкуулап , корона вирусту унутуп катуу резонанс жаратты. Болгон окуяны биздин министр Кашкар Астаханович жеке көзөмөлүнө алды. Видеодогу жарандын ким экени такталып, Москва полициясы менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүп, териштирүү иштери башталды. Кармалган Эмилбек аттуу жаран беш жылдан бери Москвада үй-бүлөсү менен жашайт экен, 3 баласы бар. Аялы экөө дворник болуп эмгектенгенин айтышты. 

Азыркы күндө аялынын 5 айлык боюнда бар экен. Айтайын дегеним эртеден бери коомчулук "камаш керек", "сабаш керек", "антип минтип ийиш керек", "өзүнүн баласын сабап тарбиялап койсо эмне болмок" эле деп ар кандай ойлорду айтып жатышат. Мага телефон аркылуу кайрылуулар да болуп жатат, "камабай эле койгула", "камап жазасын бергиле" деп ар ким ойлорун айтып жатышат. Чынында үйүнө барып жашоосун көрдүк, мышык ыйлачу эле ахывалда экен... 

Аялы көзүнүн жашын көлдөтүп, "күйөөм камалып кетсе 3 баламды ким багат, төртүнчүсүн төрөгөнү жатам" дейт. Ушул жерден сурамжылоо кылып элдин ою кандай экенин билгим келди. Сабалган баланын атасы камалып 4-5 жыл эркинен ажыратылганы туурабы же эскертүү берип кое берилгени туурабы?!" - деп Алиев суроо салды.

Ссылка: https://barometr.kg/balasyn-sabagan-ergul-emne-ish-kylary-zhana-kajda-zhashary-anyktaldy



Добавить комментарий

  • Интернетке жүктөрдөн мурда ойлонсо болмок, алды артын карап иш кылса жакшы болмок бечара.
  • Камаш керек
  • Бул жаранга катуу сабак болду жана ага гана эмес башка коптогон жарандарга мен балдарымды бир жолу чаапкан эмесмин мамасы тарбиялайт апаныкы бок деп коебу, эскертуу берип кое Берген туура болот го деп ойлойм
    • Жайсана 5 лет назад
      Депрессия ахвалда,озун озу кармай албаган. 4 баланы атасыз калтырган болбойт...
  • Камерага тартып атканда каматам мен буну деп атканда эми ыйлап бул жерде, адамдарга тушунбойсун эри коркутуп койгон окшойт
  • Элге корсотуп жамбашына 50жолу жанагы калтакпи темир таяк белеменен сабап баласы ыйлагандай ыйлатыш керек.Баланы урган дагы куноо кылмыш.Эркек болсон ошондой кылдыр кылар ишти кылып анан аялындан кечирим суратып отурбай.Эркек кылган ишине жооп бериш керек
    • Эн туура,озун да ошондой кылып сабаш керек.Аялынын акылы жок экен,дагы тороп эмне кылат,минтип отурушса балдарынын баарына тен эле зомбулук коргозот булар.Аллахтын каары тушсун мындай адамдарга
  • Эскертуу берип коруш керек
  • Эскертуу берип бирок козомолдо болуш керек. Психикалык жактан текшеруу керек . 1 айга убактылуу камаса кичине озуго келет. Бирок 4 баланы Ким багат. Эскертуу берилсин деген оюм
  • Биринчи Ден кызмат керлерге рахмат увакты кармашканына,бундай буткул саватсыздаэрга савак болду эскерту бериш керек камавайле каттасын тушунсоле болду эскертуу берсенер жакшы болмок бала чакасы коп экен
  • Сөз деп эле сүйлөй бергендин деле кереги жок.Атасын каматып ийсе,бирөөн барып бир сындырым на бересиңерби?Жооп жокпу?Жакшылык кыл албасаң,жамандык да издебе.Атасына болушпайм.Бирок,мээсине жетти деп ойлойм.
  • Чапкан сайын коз чыкпайтго, бирок это слишком жестоко. Может он не от хорошей жизни так сорвался. Аялы видеого чыгаргандан мурда ойлонуп чыгарса болмок. Азыр элдин баары эле кыйын ахыбалда турат. Кичине бала эле боор ооруйт. Баланын журогу ооруп калдыго...