Бишкектеги ун чыгарган эки завод ишин токтотууга аргасыз болду. Окуянын жоо-жайы
«Акун» ишканасы бүгүн, 2-апрелде, ун чыгарган эки - "Акун" жана "Бишкекский мелькомбинат" заводунун ишин токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу ишканадан кабарлашты.
Ага ылайык, тегирменден чыккан унду жана аны кампага алып барууга жооптуу болгон кызматкерлерди Бишкекке коюлган блокпосттордон өткөрбөй коюшкан.
Ишкана кызматкерлерди блокпосттордон тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча керектүү документтерди Бишкектин комендатурасына бир жума мурун бергенине карабай ал жактагылар кагазды жоготуп жиберишкен.
Андан тышкары учурда компаниянын кампалары малга берилчү жемге толуп кеткен. Себеби аны малына сатып алуучу фермелер дагы блокпосттордун айынан кире албай калган. Кампалар жемге толуп калгандыктан ал жакта иштерди токтотууга аргасыз болушкан.
Компания Бишкектин комендатурасын бул ишти жеке көзөмөлгө алып, аны тез аранын ичинде чечүүнү суранат.
Добавить комментарий ×