Данияр Жаныкулов: Жерүйдү шайлоонун шайтан оюндарына аралаштырбоо керек
Жерүйдү шайлоо алдындагы жана саясий оюндарга аралаштырбоо керек. Бул тууралуу “Альянс-Алтын” компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов билдирди.
Эске салсак, “Альянс-Алтын” Жерүй кенин иштеткенге лицензия алган.
Жаныкулов “Альянс-Алтындын” жасаган иштерин жокко чыгарып, аны саясий оюндарга аралаштыруу таптакыр туура эмес экенин белгиледи.
Ал андан сырткары Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Жерүй алтын кени боюнча 2015-жылы КТРК телеканалынан түз эфир аркылуу ачык сынак өтүп, ошонун негизинде “Альянс-Алтын” компаниясы жеңип чыкканын кошумчалады. Бул компания Кыргызстандын мыйзамдарына толугу менен баш ийген кыргызстандык компания болуп эсептелет. 2015-жылдан бери ачык конкурстун негизинде лицензияны жеңип алып, ошондон бери Талас облусунун аймагында ишмердигин жүргүзүп келет.
“Жерүй алтын кенинин лицензиясы мурдагы президенттер — Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин убагында 300 эле сомго сатылып келген. Ошондо биз боз үй тигип, жолдорду жаап, жарандык коом катары каршылыгыбызды билдиргенбиз. Мен башында тургам ошол жүрүштүн. Биз “кантип 300 сомго сатып жатасыңар, баасын көтөрөлү, 300 сомго сатып, аны кийин 3 миң сом, 3 миллион сомго сатып оюн болуп баратат, Жерүйдү эч ким иштеткиси келбейт” дегенбиз”, — деди ал.
Дал ушундай аракеттер өкмөттүн иштерин туура жолго багыттоого жардам бергенин билдирди.
Башында өкмөт лицензияны 300 миллион долларга мурдагы компаниянын карыздарын кошуп жана эл аралык арбитраждагы сот иштерин өзүңөр чечесиңер деп сатууга аракет кылган. Бирок мындай шартка эч ким көнбөй, конкурска эч ким катышкан эмес.
Андан кийин дагы конкурс өтүп, баасы 100 миллион долларга азайтылган, бирок шарттары мурдагыдай эле калган. Жарыяланган конкурска учурда Жерүй кенин иштетип жаткан компания кызыккан.
“Лицензиялык келишим боюнча конкурстун баардык шарттары өкмөт тарабынан иштелип чыкканын айтып коюшум керек, инвестор ага эч кандай кийлигишкен эмес”, — деди ал.
Жаныкулов өз сөзүндө өкмөттүн комиссиясынын документине ылайык, Жерүйдө 88 тонна алтындын запасы бар экенин жана 17 тонна баланстан тышкары экенин айтып, анын курамында болгону 0,5 грамм баалуу металл бар экенин билдирди.
“Компания өзү билип эле Жерүйдөгү алтындын запасы мынча деп коюп алганга укугу жок, аны өкмөттүн атайын комиссиясы аныктайт”, — деди ал.
Жаныкулов элди чогултуп, ар кандай акцияларга чыгууга ниеттенип жаткан кишилерге кайрылды.
“Элди алып чыкса болот, бирок анын кесепети кандай болорун ойлонуу керек. Компания Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеп жатат”, — деп ал кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин экономика жаатындагы эксперт Азамат Акенеев өз кызыкчылыгын көздөп, элди Жерүйгө каршы митингге алып чыкпоого чакырган.
Жерүй өлкөдөгү эң ири долбоорлордун бири. Ал 30-35 жыл иштейт. Компания бул убакыт ичинде кызматкерлердин айлыгын жана башка төгүмдөрдү эске албаганда бюджетке салык иретинде 895 миллион доллар төгөт. Жерүй кенин иштетүүгө салынган инвестициянын көлөмү 400 миллион доллардан ашып, Кыргызстандагы эң ири инвестиция болуп калат.
Ишкана толук ишке киргенден кийин 1,5 миң киши кенде иштеп, алардын орточо айлыгы 500 долларды түзөт. Жумушчулардын 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. Алтынды бөлүп алуучу фабрика ишке киргенде 1 млн. 300 миң тонна руданы иштетип, жылына 4-5 тонна алтын өндүрүлөт.
Компания Жерүйдө казылган алтынды доре үлгүсүндө алгандан кийин анын аффинажын Кыгрызстанда жасоого ниеттенүүдө.
Фабриканы казакстандын ААЕngineering Group компаниясы салып жатат. Ал 2018-жылы Жерүй кенин иштеткен “Альянс-Алтын” компаниясы менен алтын бөлүп алуучу фабрика менен уулуу калдыктар сактала турчу жайды салуу үчүн EPC-келишимине кол койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/daniyar-zhanykulov-zherjd-shajloonun-shajtan-oyundaryna-aralashtyrboo-kerek
Добавить комментарий ×