Колу жарабай калган. Караколдо күйөөсү өрттөп жиберген аялдын сүрөтү жарыяланды

9 января 2020 16:16 11438 1 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген аялдын эки колунун манжалары жана буттарынын тизеден чатка чейинки бөлүгү, бети күйүп калган. Жабыркаган аялдын сүрөтү социалдык тармакка тарады.

Кундуз Кызылжарова аттуу колдонуучу окуя Каракол базарынын жанында болгонун жазды. Бирок кордолгон аялдын айтымында ага эч ким жардам бербестен карап турушкан. 

"Мен өрттөнүп атсам элдин бары карап турду", —дейт ал.

Кызылжарова жабыркаган 33 жаштагы аялдын кызы бар экенин да жазып, анын күйөөсү кызганычтан улам ушундай кадамрга барганын белгиледи.

Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашкандай окуя 4-январда болгон. Окуя болгон жерге Каракол шаардык милициясынын ыкчам-иликтөө тобу келген.

Иликтөөнүн алдын ала маалыматы боюнча Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургунун (аял киши) жарандык никеде жашаган 35 жаштагы күйөөсү (Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну) чырдан кийин бензин чачып өрттөп салган. Окуядан кийин ал изин жашырып кеткен. Ыкчам тергөө аракеттери маалында шектүү киши кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Денеси күйгөн аял Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Учурда тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-kjs-benzin-chachyp-rttp-zhibergen-ayaldyn-srt-zharyyalandy



Добавить комментарий