Казакстанда коронавирустан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акордадан кабарлашты.
Ага ылайык, мындай чечим калктын ден соолугун чыңдоо, коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган. Андан сырткары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID 19 коронавирусту пандемия деп аташы да өзгөчө кырдаалды киргизүүгө себеп болгон.
Өзгөчө кырдаал Казакстанда 16-марттан 15-апрелге чейин уланат.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавируска тогуз киши чалдыккан. Алардын арасында Германиядан учуп келген 12 жаштагы кыз дагы бар.
Вирустун жайылышынан улам Казакстанда той өткөрүүгө, ири иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirustan-ulam-zgch-kyrdaal-zharyyalandy
Добавить комментарий ×