Кордайда болгон мушташта 8 киши каза болду, арасында полиция кызматкери да бар
Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан 8 киши каза болуп, 40 киши ар кандай жаракаттарды алган. Каза болгондордун арасында полиция кызматкери дагы бар. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.
Баш аламандыктын кесепетинен Кордай районунда 30дан ашык жеке турак жай менен 15 соода түйүнү жабыркаган. Ошондой эле, 23 автоунаа дагы талкаланган.
7-февралдын түнүндө болгон окуя боюнча 47 киши кармалып, алардан 2 мергенчи мылтыгы алынган.
Алдын ала маалымат боюнча Масанчи айылындагы казактар менен дунган улутундагылар мушташкан.
Социалдык тармактарда тарап жаткан айрым видеолордо мылтык көтөрүп жүргөн кишилерди жана ок атылып жатканын көрүүгө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kordajda-bolgon-okuyada-8-kishi-kaza-boldu-arasynda-policiya-kyzmatkeri-da-bar
Добавить комментарий ×