Коронавирус: реанимацияда жаткан үч кишинин бирөөнө өпкөнү желдетүүчү аппарат кошулду
Поделиться в:
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 107 кишиге жетти. Алардын үчөө реанимацияда. Экөөсүнүн абалы туруктуу болсо, бир бейтапка өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат кошулду. Ал Ош облустук бириккен ооруканасында. Бул тууралуу республикалык штабдын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле коронавирус жаш балдарга жугуп жатканын дагы кошумчалады. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус жуккан 11 бала тастыкталган.
Добавить комментарий ×