Коронавирус жуккан дарыгерге кандай компенсация берилет? Кыргызстан менен коңшу мамлекеттерди салыштыруу
Кыргызстанда 4-апрелде эртең мененки саат 10:00гө карата тогуз дарыгердерден коронавирус табылганы кабарланды. Ал эми өлкө боюнча вирус жуккандардын саны 144 кишиге жетип, бир киши каза болду. Ошол эле маалда тогуз кишинин абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылганы айтылды.
Кыргызстанда
Буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке келген каражаттардын 38 млн 559 миң 307 сому өлкө аймагындагы вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине кошумча акы катары которуу чечими кабыл алынган.
Андан сырткары Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эпидемиологиялык абал оор жерлерде иштеп жаткан дарыгерлерге сөзсүз түрдө кошумча каражат бөлүнөрүн айткан. Орточо эсеп менен дарыгерлер 15 миң сомдон 40 миң сомго чейин айлыктан тышкары акча алмак.
Азырынча кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан дарыгерлерге компенсация катары канча каражат берилерин тактай элек.
Негизинен дарыгерлер жалпы мамлекеттин коопсуздугу үчүн күнү-түнү иштешти, иштеп жатышат. Андыктан алардын өз өмүрүн тобокелге салып иштеп жатканы мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде бааланууга тийиш. Башкача айтканда, материалдык дагы, социалдык жактан дагы татыктуу колдоо болушу кажет.
«Барометр» маалымат агенттиги коронавирус менен алышып жаткан дарыгерлерге эгер илдет жугуп кала турган болсо коңшу мамлекеттерде кандай жардамдар каралганына кызыгып көрдү.
Өзбекстанда
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус ондон ашык дарыгерге жуккан. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев видеожыйындардын биринде эгер коронавирус менен ооруган бейтапты дарылап жатып, өзү оору чалдыккан дарыгерлерге 100 миллион сум (10,5 миң долларга жакын) компенсация катары берилерин айткан.
Аны менен катар коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап жаткан медициналык кызматкерлерге ай сайын 25 миллион сумдан (2600 доллар) сый акы берилерине билдирген.
Ага ылайык, медайым менен лаборанттар 15 миллион сум (1500 доллар), санитардык кызматкерлер 10 миллион сум (1000 доллар), ар түрдүү жумуштарды жасагандар 5 миллион сум (520 доллар) алып турат.
4-мартка карата алынган маалымат боюнча Өзбекстанда 221 кишеге оору жугуп, эки киши каза болгон.
Казакстанда
Казакстандын бийлиги дагы дарыгерлердин коопсуздугу үчүн бир катар чараларды көрүп, аларды колдоо боюнча аракеттерди жасап жатат. Акыркы кабарларга караганда Казакстанда 28 дарыгерге коронавирус жуккан.
Ачык маалыматтарга караганда Казакстанда бейтаптарды дарылап жаткан дарыгерге кокус коронавирус жукса 2 млн теңге (360 миң сомдой), ал эми оорудан каза болсо 10 млн теңге (1,8 млн сомдой) төлөнөт.
Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык абалды жакшыртууда иштеген медициналык кызматкерлерге кошумча каражат бөлүү боюнча чечимди өкмөт бекиткен.
Премьер-министр Аскар Мамин Эмгек жана элди социалдык коргоо министрлиги дарыгерлердин ден соолугу менен өмүрүн камсыздандырууну тапшырды.
Казакстанда 4-мартка алынган маалымат боюнча коронавирус 500 кишиге жукканы тастыкталып, 2 киши каза болду.
Ал эми расмий маалыматтар боюнча Түркмөнстан менен Тажикстанда коронавирус каттала элек.
Добавить комментарий ×