Кытайдагы кыргызстандык алты студент келди

28 января 2020 13:41 1138 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 28-январда эртең менен Кыргызстанга  Үрүмчү шаарынан  кыргызстандык алты студент келген. Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жетекчилиги алдындагы Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйынында айтылды.

Учурда бардык студенттер атайын чатырларда (изоляторлордо), буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат, алардын ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанга келген студенттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Саламаттык сактоо уюмунун бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул кыргызстандык студенттер 2019-жылдын 27-январынан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргызстанда каникулда болушкан. Алар 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргызстандык студенттер Казакстан аркылуу келген.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытайдын ЖОЖдорунда окуган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

Ал эми Кыргызстанды Тышкы иштер министрлиги учурда Кытайдын коронавирус чыккан Хубэй провинциясында 15 кыргызстандык бар экенин маалымдады. Алардын 14ү студент болсо, бирөө ишкер. Алар менен элчилик такай байланышып, кабар алып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-kmt-koronaviruska-bajlanyshtuu-kyrdaal-tuuraluu



Добавить комментарий