Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы бейтап каза болду

3 апреля 2020 09:26 1489 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан боюнча бир суткада жаңы 9 учур аныкталып, жалпы бейтаптардын саны 125ке жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда алардын төртөөнүн абалы оор, бир киши өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Андан сырткары Ноокаттагы аймактык ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан 61 жаштагы киши 2-апрелде каза болгон.

“Бейтап чет мамлекетке барып келип, стационардык обсервацияда болчу. Андан кийин дарылоо жүргүзүлүп, анализинен COVID-19 илдети бар экени аныкталган. Ошондой эле бейтаптын башка олуттуу оорулары болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkan-algachky-bejtap-kaza-boldu



Добавить комментарий