Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 42 кишиге жетти

24 марта 2020 12:54 11571 10 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Республикалык штабда Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:

Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында

Ноокат аймактык ооруканасында

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында

Баткен облустук бириккен ооруканасында

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;

6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;

14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;

Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkandardyn-sany-42-kishige-kbjd



Добавить комментарий

  • Бул тастыкталганбы жэ элди дурболонго салып жалган маалымат таратып жаттасыздарбы
  • Ноокаттын кайсы айыл окмотунон вирус чыкты?
  • Кудай сактасын
  • Гулжамал 5 лет назад
    Кудай сактасын эми
  • Тинатин 5 лет назад
    Укмуш,башка мамлекеттерде жаш балдар бирда катталган жок ,кыргыз экенибиз ушул жерде да айдан ачык,карантин деп балдар кочодо каралбай ойноп журушот
  • Бишкек шаарында канча адам даарыланып жатат кай жактан алынып келинген информация берип койсонор
    • Барометр 5 лет назад
      Бишкекте эки киши коронавирус менен катталган, 24 жана 26 жаштагы жигиттер. Бироосу Франиядан келген, экинчиси умрадан. Экообунон тен обсервацияда жатканда вирус аныкталган.
  • Туратбек 5 лет назад
    Чек араны,озгочо кытайды биринчи жабыш керек болчу?бул 1-дениз,экинчи акчага кызыкбай умраны токтотуш керек болчу?учунчудон сыртан келгендердин баарын бир ай карантинде кармаш керек болчу?ким экенине карабастан!!!дагы да кеч эмес!!деп ишенип туралы?!кеч болуп калбаса эле болду ???кудай сактасын😭