Кыргызстанда коронавирустан 44 бейтап айыкты
Поделиться в:
Кыргызстанда 11-апрелге карата 44 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Мадамин Каратаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бир суткада 5 бейтап стационардан чыгарылды. Аймактар боюнча алып караганда Ош облусунда - 1, Жалал-Абад шаарында - 3, Бишкек шаарында- 1.
Соңку маалымат боюнча өлкө боюнча коронавирус 339 кишиге жукканы тастыкталды. Анын ичинде 51и дарыгерлер. Ошол эле маалда илдет беш кишинин өмүрүн алган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-44-bejtap-ajykty
Добавить комментарий ×