Кыргызстанда коронавирустан айыккан үч бейтап бүгүн ооруканадан чыгарылды

30 марта 2020 14:36 1157 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда бүгүн, 30-мартта, коронавирустан айыккан үч бейтап Жалал-Абад облустук ооруканасынан чыгарылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.

"Биз дагы бүткүл дүйнөдө колдонулуп жаткан дарылоо ыкмаларын колдонуп, бейтаптарды айыктырдык. Кыргыз медицинасы дагы коронавирусту айыктырганга кудурети жете турганын көрсөттү", - деди ал.

Министр ошондой эле, бүгүн чыгарылган бейтаптар обсервацияга алынгандар экенин айтып, алардын жаш курагы 50нүн тегерегинде экенин кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 94 кишиден табылган. 

Аларды аймактарга бөлүп караганда абал төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 учур.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-ajykkan-ch-bejtap-bgn-oorukanadan-chygarylat



Добавить комментарий