ИИМ: коронавирус боюнча жалган маалымат тараткандар жазаланат

19 марта 2020 09:52 2245 Barometr
Поделиться в:
ok

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет оору тарап кетпесине байлынышту коюлган атайын блокпостторду текшерүүгө алды. Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп кошумча нускамаларды берди. 

Министрдин биринчи орун басары кызматкерлерди карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү керектигин белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды. Азыр Благовещенск, Орто Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлган. Ошол жерлерде чектөө болот. Оору тарап кетпөөсү үчүн баары жетиштүү. Азыр эми мындан кийин шартка жараша дагы башка чечим кабыл алына тургандыгын белгиледи.
Жергиликтүү жарандар жана милиция кызматкерлери менен болгон жолугушууларда Сүйүн Өмүрзаков буларга токтолду.

“Биз ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте коомдук тартиптин сакталышына жооптуубуз. Биз түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Ден соолукту сактоо, жугуштуу оорудан сактануу боюнча дарыгерлердин айткандарынын бардыгын толук сактап, бекем тартипте карманышыбыз зарыл. Кыргызтандын ар бир жараны, ар бир үй бүлө, ар бир атуул жеке гигиенанын талаптарын катуу кармоо, провакациялык ар кандай чакырыктарды социалдык түйүндөрдө таратпоо керек. Такталбаган жалган маалыматтарды таратып элди дүрбөлөңгө түшүрөм дегендер мыйзам чегинде жазага тартылат. Укпайт деп ушак таратпагыла, көрбөйт деп, билбейт деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Мен бардыгыңыздарды токтоолукка, сабырдуу болууга чакырам", - деди Өмүрзаков.

Ссылка: https://barometr.kg/ministrdin-birinchi-orun-basary-sjn-mrzakov-zhalal-abadga-keldi



Добавить комментарий