Муфтий коронавирустан кайсы сүрөөлөр коргошу мүмкүн экенин айтты - видео
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев учурда дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан кайсы сүрөөлөр коргошу мүмкүн экенин айтып, видео кайрылуу кылды.
Анда муфтий устаздардын биринин түшүнө пайгамбар Мухаммед С.А.В. кирип, ал коронавирустан кантип коргонуу керек дегенде ага жардам бере турчу сүрөөлөрдү айтканын белгиледи.
“Коронавирус боюнча кандай амалды кылыш керек дегенде фатиха сүрөөсүн үч жолу, андан кийин ихлас сүрөөсүн үч жолу окуу керектигин айткан”, — деди ал.
Муфтий өз сөзүндө ушул нерселерди 313 жолу кайталаган кишиге оору жолобой турганын кошумчалады.
“Албетте бул түш, анын далили жок болсо дагы мунун пайдасы жалпы элге тийет деген чоң үмүт бар”, — деп сөзүн жыйынтыктады.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны алты киши болду.
Добавить комментарий ×