Таластыктардын жүрөгүн түшүргөн илбирске ок тийген. Абалы начар
Поделиться в:
Таластын Көй-Ой айылындагы токойдон табылган илбирске ок тийген. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, илбирс Таластан Бишкекке алынып келип, ага рентген жасалган. Анын жыйынтыгында, жырткычтын башына ок тийгени (бытыроо). Ал абдан коркуп калгандыктан тамак ичпей жатат, абалы да начар.
Жырткыч жаныбар өзүнө келгенден кийин операция жасалат. Учурда ага дары-дармек берилүүдө.
Белгилей кетсек, 9-январда социалдык тармактарда Талас облусунун Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен илбирстин видеосу тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/talastyktardyn-zhrgn-tshrgn-ilbirske-ok-tijgen-abaly-nachar
Добавить комментарий ×