Ысык-Көлдө 11 киши жүк ташуучу унаанын артына отуруп алып кетип баратканда кармалды – видео

4 апреля 2020 12:04 1610 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат казматынын башысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Аларды кармоо учуру видеого тартылган.

Ысык-Көл областынын аймагында COVID-19 оорусун жуктурбоо боюнча  жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын кеңешмесинин чечими менен аймакта санитардык карантиндик посттор иштей баштаган. Инфекциялык оорунун жугушунун коркунучун төмөндөтүү максатында эл арасында карантиндик режимдин талабын бекем сактоо боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.


Бирок, жүргүзүлүп жаткан аракеттерге карабастан, айрым тургундар кенебестик мамиле кылышып, айтылып жаткан кеп-кеӊештерге маани бербей жаткандыгы өкүндүрөт. Мындай кенебестик мамиле менен алар жеке эле өздөрүнүн өмүрүнө эмес, тегерегиндеги адамдардын да өмүрлөрүнө коркунуч келтирүүдө.

Алып айтканда, 3-апрель күнү милициянын жол коопсуздугун көзөмөлдө инспекторлору тарабынан Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын постунан, Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну А. Нурландын башкаруусунда «Мерседес-Бенц-316» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы токтотулган. Айдоочунун айтымында, ал шаарга азык-түлүк алуу үчүн бара жаткан. Бирок, айтоунааны текшерген учурда, анын ичинде 11 жүргүнчү бар экендиги аныкталып, алар Балыкчы шаарынан Ананьево айылына бара жаткандыгы тастыкталган.

Ошол эле күнү, Түп районунун милиция кызматкерлери тарабынан, Түп айылына кире беришинде орнотулган посттунан «Камаз-35320» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, анын ичинен 23 жүргүнчү бара жаткандыгы аныкталган. Автоунаанын айдоочусу, Ак-Суу районунун Боз-Булуӊ айылынын тургуну О. Алтынбектин айтымында, айылынан жумушчуларды жалдап, Түп районунун Балбай айылына көртөшкө жүктөгөнү бара жаткан.

Эки айдоочуга бузуулар кодексинин 127 беренесинин 1 бөлүгү (Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) менен протоколдор түзүлүп, айтоунаалар атайын токтотуучу жайга киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-11-kishi-zhk-tashuuchu-unaanyn-artyna-oturup-alyp-ketip-baratkanda-karmaldy-video



Добавить комментарий