Жалал-Абадда химиялык продуктуларды мыйзамсыз өндүргөн цех аныкталды
Жалал-Абад шаарында автоунаалар үчүн химиялык продуктуларды мыйзамсыз өндүргөн цех аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Цехтин имаратында болжол 45 тонна техникалык спирт - өзгөчө жыты бар түссүз суюктук табылган. Ошондой эле көп сандагы этикеткалар, капкактар, таралар жана сатууга даярдалып жаткан продукциялар — антифриз, айнек жуугуч суюктук жана башка техникалык каражаттар аныкталды.
Өндүрүш аймагы калк жыш жайгашкан "Спутник-22" турак жай конушунда жайгашкан жана калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган. Өрт же жарылуу коркунучу жогору болгон жана өндүрүштүк иш-аракеттерге ылайыкташтырылган эмес.
Мындан тышкары, цехте этикеткаларды чаптоочу, идиш жасоочу жана продукцияны куюучу жабдуулар аныкталды, ишканада химиялык продуктуларды өндүрүүгө уруксат кагазы болгон эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өндүрүлгөн продукция мотор майын алмаштыруу түйүндөрү жана белгилүү бренддердин атын жамынып, авто тетиктерин сатуу боюнча соода объектилери аркылуу таратылган.
Бул факт боюнча материалдар соттук экспертизаны жана укуктук баа берүүнү жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-himiyalyk-produktulardy-myjzamsyz-ndrgn-ceh-anyktaldy
Добавить комментарий ×