Коронавирус 6,5 миң кишинин өмүрүн алды

16 марта 2020 09:00 603 Barometr
Поделиться в:
ok

16-мартка саат 9:00гө алынган маалымат боюнча коронавирустан улам дүйнө жүзү боюнча 6 498 киши каза болду. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, вирус 166 689 кишиден жукканы ырасталды. Ошол эле маалда оорудан 76 709 киши айыкканы айтылууда.

Мурдагыдай эле каза болгондордун саны боюнча Кытай (3 213) алдыды. Андан кийинки орунда Италия (1 809) менен Иран (724) турат.

Вирустан каза болгондор андан сырткары Испанияда дагы күчөп, коронавирустан 288 киши каза болду. Францияда 127 кишиге жетти.

Коронавирустан улам Казакстанда бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-65-mi-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий