Өзбекстанда коронавируска кабылгандар төрт кишиге жетти. Бир үй-бүлөдөн үч кишиден вирус табылды

16 марта 2020 09:10 1353 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны төрт кишиге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Өзбекстандын республикалык илим-изилдөө институту Франциядан келген аялдын бардык үй-бүлө мүчөлөрүн тыкыр текшерүүгө алган. Жыйынтыгында вирус аялдын баласында жана кызынан дагы табылган. Бейтап жашаган көп кабаттуу үй толугу менен дезинфекцияланып, жашоочулардын бардыгы медициналык кароого алынды.

Андан сырткары 15-мартта Стамбулдан келген өзбек жаранынан да вирустун белгилери байкалган. Учурда Өзбекстанда коронавирус төрт кишиге жукканы расмий ырасталды.

Ал ортодо Казакстарда коронавирус тогуз кишиден табылып, өлкө боюнча бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда дагы мектептер университеттер 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылды.

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 6,5 миң кишиге жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-koronaviruska-kabylgandar-trt-kishige-zhetti-bir-j-bldn-ch-kishiden-virus-tabyldy



Добавить комментарий